“Авто ураган” ылдамдыкты ашыргандарга айып салат

«Авто ураган» аппараттык программалык комплекси орнотулган кызматтык унаа буга чейин издөөдө жүргөн, айып пулдарын төлөбөгөн, каттоосу убактылуу токтотулган жана башка одоно жол эрежелерди бузган унааларды аныктап келген. Мындан ары катуу ылдамдык менен “Авто урагандын” астынан же каршы багытта бара жаткан унааларды да аныктап, ал унаа токтотулуп, ылдамдыкты ашырып айдагандыгы үчүн, кызматкерлер Укук бузуу кодексинин негизинде миң сомдон 15 миң сомго чейин айып салат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты.

Азырынча “Авто ураган” аркылуу аныкталган ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочуларга жеринен протокол түзүлүп, айып салынса, келечекте бул укук бузуу автоматтык түрдө ”Коопсуз шаар” долбооруна туташтырылып, ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочунун үйүнүн дарегине барат.

2022-жылдан бери этап-этабы менен өлкөбүздө 22 «Авто ураган» ишке кирип, иштеп баштаган күндөн тартып, 21 225 одоно жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталган.