Автобус айдоочулары жол кире акысын накталай акча менен алганы үчүн жумуштан алынды

“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасында эреже бузган айдоочуларга чара көрүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Комиссиянын ишинде жол кире акысын накталай акча менен алган айдоочулардын иши каралды. Жыйынтыгында №6 каттамдын айдоочусу Султанбек Жумаев, №36 каттамдын айдоочусу Макен Керимбаев, №195 каттамдын айдоочусу Дөөтгүл Мамбетов каттамдан алынды. Эгерде автобус айдоочулары жол кире акысын накталай акча менен алган болсо, ал айдоочуга катуу чара көрүлөрү буга чейин эскертилген.

«Урматтуу шаар тургундары! Жол кире акысын накталай алган айдоочулар тууралуу фото, видео фактыларды ишкананын 0709572707 вотсап номерине жөнөтсөңүздөр болот. Сиздер айдоочуга берген акча каражаты шаардык бюджетке түшпөй калат. Ошон үчүн жол кире акысын накталай эмес төлөм аркылуу жүргүзүүнү суранабыз», — деп жазылат маалыматта.

Накталай эмес төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөөгө болот:
— үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
— Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
— Виртуалдуу NFC картасы;
— Тулпар жана Balance, Mbank, Megapay ж.б тиркемелер менен QR сканерлөө;
— Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.