Колдонуудан чыккан автотранспорт каражаттарын сатуу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти президент Садыр Жапаровдун дагы келе турган автобустарды жайгаштыруу (автобазанын аймагын бошотуу, кеңейтүү) үчүн эскилиги жеткен автотранспорт каражаттарын утилизациялоо жөнүндөгү тапшырмасын аткаруу максатында, 27-ноябрда “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын жана Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо башкармалыгынын автобазасынын балансындагы эскилиги жеткен 165 даана автотранспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион жарыялайт.
Ачык аукционго катышуу укугун алуу үчүн арыз ээси департаментке төмөндөгү документтерди тапшыруусу зарыл:
Арыздар 13-ноябрга чейин Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246 дареги боюнча кабыл алынат.