«Автобус, троллейбус 11 сом, маршрутка 15 сом». Бишкекте жол кире акысы 1-ноябрдан тарта кымбаттайт

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жол кирени жогорулатуу боюнча токтом долбоорун колдошту. Мындай чечим бүгүн жыйында кабыл алынды.

Жол кирени кымбаттатууга 36 депутаттын 33ү «макул», экөөсү «каршы» болсо, бир депутат добуш берген жок. 

Белгилей кетсек, жарлык 1-ноябрда күчүнө кирет. Автобус жана троллейбустарда жүрүү баасы 11 сом, маршруткаларда жүрүү баасы 15 сом болот.