Автобуста тырмак алган аялдын видеосу тарады

Социалдык тармактардын колдонуучусу автобуста кетип бара жатып тырмагын алып жаткан аялдын видеосун жүктөгөн.

«Орун бошотуп берсем кылганы бул»,- деп жазып калтырган.

Интернет колдонуучулар улуу муундагы адамдар жаштардан тартипти, кичипейилдикти талап кылганы менен көпчүлүгү өздөрү андай талапка жооп бербей турганын жазган.