Соцтармак колдонуучулары бүгүн, 23-октябрда Бишкектеги автобустарда «Тулпар» системасы иштебей жатканын билдиришкен.
Бишкек шаардык мэриясы кайра маалымат таратып, маселе чечилгенин, система толугу менен иштеп жатканын билдирген.
Мэрия маалымат таратып, саат 09:30га карата көйгөй тез арада жоюлуп, «Тулпар» төлөм системасы толук калыбына келтирилгенин билдирди. «Тулпар” системасы жалпы иштебей калган учурда эгерде жарандын башка жол менен төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда жүргүнчү жол акысын төлөбөй коюуга укуктуу»,- дешти.