Автобустардагы «Тулпар» системасы иштей баштаганын билдиришти

Соцтармак колдонуучулары Бишкектеги автобустарда «Тулпар» системасы иштебей жатканын билдиришкен.

«Бүгүн түнү системада техникалык профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Бул убакыт аралыгында «Тулпар» кызматтарынын ишинде кыйынчылыктар байкалууда. Азыркы учурда техникалык иш-чаралар аяктап жатат. Түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз», — деп айтылат Бишкек мэриясы берген маалыматта.

Бишкек шаардык мэриясы кайра маалымат таратып, маселе чечилгенин, система толугу менен иштеп жатканын билдирди. Бирок автобустагы жүргүнчүлөр дагы эле иштебей жатканын айтышууда.