Социалдык тармактагы активдүү жарандар бузук, эч нерсеси калбаган автобустардын сүрөтүн баракчаларына жүктөп, Нариман Түлеевге «рахмат» деп жазып жатышат.
Алардын айтымында, өз учурунда Түлеев Кытайдан сапатсыз автобустарды алып келген. Ал эми дагы бир Фейсбук колдонуучунун айтымында, бул автобустар Кытайда атайын олимпиада оюндары маалында спортсмендерди жатаканадан оюн аянтчасына ташыш үчүн гана жасалган. Өз өлкөсүндө колдонулбайт, ошондуктан жарды мамлекеттерге сатып жиберишет.
«Бул бир жолку колдонуу учун жасалган автобустар. Андан кийин колдонууга жарабайт экен. Ошондуктан жарды мамлекеттерге сатып жиберишет», — деп жазды ал.