Социалдык тармактарда автобустун терезесинен бутун чыгарып алган жарандын видеосу тарап, талкуу жараткан. Жарандын акыркы орундуктарга жатып, бутун терезеден чыгарып алганын көрүүгө болот.
Башка автобустун айдоочусу муну байкап, кесиптешине жүргүнчүнү тартипке чакырууну айткан.
Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы жарандын автобустун ичиндеги видеосун жарыялады.