«Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Кубанычбек Самаков белгилегендей, учурда автомобиль жолдорун куруу чөйрөсүндө баа саясатын жана баа түзүү ыкмасын, анын ичинде жаңы технологияларды киргизүүнү жөнгө салган мыйзамдардагы кемчиликтерге байланыштуу бир катар көйгөйлөр бар.

Буга байланыштуу мыйзам долбоору менен жаңы технологияларды киргизүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболорун иштеп чыгуу жана бекитүү; жумуштардын рыноктук наркына туруктуу мониторинг жүргүзүүгө негизделген курулуш жана долбоорлоо процесстерин айкалыштырууда алдын ала сметалык наркты эсептөө ыкмасын бекитүү; тиешелүү мамлекеттик же ведомстволук экспертизадан өткөн ДСДнын долбоордук чечимдери жана сметалык наркы Министрлер кабинетинин чечими боюнча гана кайра каралышы (же кайра эсептелиши) мүмкүн экендигин мыйзамдуу түрдө бекитүү;

«Эксперименттик долбоор – автожолдорду оңдоодо, курууда жана реконструкциялоодо жаңы технологияны, жаңы материалды же жаңы жабдууну колдонуунун сыпаттамасы, анын ичинде завод-даярдоочулардын маалыматтарына жана/же башка өлкөлөрдө мурда ишке ашырылган долбоорлорго негизделген болжолдуу сметалык наркты камтыйт» деген аныктаманы мыйзамдуу түрдө киргизүү сунушталууда.