Автоунааны каттоо жана айдоочулук күбөлүк алуу арзандайт

1-январдан тартып өлкөдө автоунааны каттоо жана айдоочулук күбөлүк алуу боюнча кызмат баасы орточо 30 пайызга арзандайт. 180 сомдун тегерегиндеги кызмат көрсөтүү 120 сомго чейин ылдыйлайт. Бул тууралуу бүгүн Каттоо кызматы маалымат таратты.