«Аягына чейин турам». Тууну өзгөртүүгө каршы акция өткөрөм деген жарандык активист УКМКга да кирип чыкты

Кечээ, 3-декабрда «БеспределKG» баракчасынын администратору катары таанымал жарандык активист Афтандил Жоробеков Бишкектин Октябрь райондук милициясынан чыккан соң, УКМКга да кирип чыкканын да билдирди.

Буга чейин жарандык активист Бишкекте 9-декабрда тууну өзгөртүүгө каршы акция өтө турганын, 3-декабрда репетиция катары авто унаалардын коштоосунда жүрүш болорун билдирген. Бишкек мэриясы борбор калаада тынч жыйындарды жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салынганын эскертип, автожүрүш тууралуу расмий билдирүү албаганын маалымдашкан.