«Аяктап жатканы өкүнүчтүү». Бегимай Турусбекова “Царица” долбоорунда 2-орунду алды

Ырчы Бегимай Турусбекова катышып жаткан “Царица” долбоору финалына жетти. Анда кыргызстандык ырчы «Обезаружена» ырын ырдады.

Турусбековага 4 калыстар тобунун 2 мүчөсү 10, эки мүчөсү 9 деген упай берип, калыстардан 38 упай чогултту. Ал эми залда отурган көрүүчүлөр 8,59 упай беришти. Жалпы 46, 59 упай менен 2-орунду алды. Ал эми 1-орунга калыстар тобунан 40 упай, көрүүчүлөрдөн 9,62 упай алган Светлана Ларионова ээ болуп, «Царица» аталды. 3-орунду 46,33 упай менен Ирина Зинченко алды.

«Мен үчүн оор болду. Анткени ыр оор. Долбоордун аяктап жатканы өкүнүчтүү. Мага бул жер жакты, эмитеден эле сагына баштадым»,- деди Турусбекова.