Аял кишини микрофон менен чаап жиберген кишинин видеосу тарады

Социалдык тармактарда иш-чарада эркек кишинин аял кишини микрофон менен чаап жиберген видеосу тарады.

Видеодон костюм шым, калпак кийген кишинин алгач эркек кишини чапканын көрүүгө болот. Андан кийин “Мырзалар, келгиле жардамга”,- деген аялга да кол көтөргөн.

Журналисттерге милициядан маалымат берилерин убадалашты. 

Алдын ала маалымат боюнча, окуя 22-декабрда Бишкектеги ресторандардын биринде болгон.