Аял үйүнө 2 күн барбаган күйөөсүнө «концерт» койгон окуя. Кызматкерлер иштен кол жууду

«Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эмгек тартибин бузгандыгы үчүн иштен бошотулганын мэриядан билдиришти. 

Ишкананын төмөнкү кызматтарда иштеген кызматкерлери иштен бошотулду:

— инженер-энергетик;

— пландоо-экономика бөлүмүнүн башчысы;

— башкы бухгалтер;

— диспетчер.

Социалдык тармактарда 2 күн үйүнө барбаган күйөөсүнө «концерт» койгон аялдын видеосу тарап, талкууга алынган. Видеодон аял күйөөсү жумушунда ичип отурганын, анын 2 күндөн бери үйүнө бара элегин айтат. «Садыр Жапаровго чейин барам» деген аялдын столдун үстүндөгүлөрдү көңтөрүп салганын көрүүгө болот.