«Эркектер дагы аялдардан токмок жешет» деп билдирди бүгүн, 31-мартта түз эфирде Бишкек ШИИБдин башчысы Азамат Ногойбаев.
Ал 2023-жылдын 2 айында 14 адамга коргоо ордери берилгенин эске салды. «Биз аялдарды алсыз деп эсептөөгө көнүп калганбыз. Бирок аялдардын ур-токмогунан эркектер да жабыркайт», — деди Ногойбаев.