«Аялдын эти арзандап, койдун эти кымбаттады» деген имамдын сөзү талкууга түштү

Эттин баасы асмандын башы дегендер четтен табылат. Качан кымбаттайт билесизби? Сиз жашаган аймакта аялдын эти арзандай баштаганда. Бул тууралуу дин кызматкери Садыбакас Доолов айтып чыкты.

«Аялдардын эти арзандап, жоон санын кадыресе эле бармагындай кылып көрсөтүп басып калса, аксакал өзүнө чакырып, «жап алдыгы жериңди, уялбайсыңбы, кандай бети жок кызсың, кимдин кызысың?» деп ата-энесин дарегин издебеген себептен аялдардын эти арзандады. Аялдын эти арзандаган себептүү базардагы койдун эти кымбаттады»,- деди ал.