«Аялы менен күйөөсү 200 миң сом айлык алат». Акылбек Жапаров Баткендеги окуяны айтып берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги полковниктин эмнеге Бишкекке генерал болуп келбей койгонун айтты.

Анын айтымында, Баткендеги полковникти Бишкекке жумушка чакырышкан. Өзү сүйүнгөн бойдон кеткен, бирок 2-3 күндөн кийин унчукпай калган. «Аялы «генерал болбой эле кой, сен чыныгы полковниксиң, 2 жылдан кийин пенсияга чыгасың, ал жакка барбайбыз» дептир. Өзү 120 миң сом алат экен. Аялы ошол аскер бөлүгүндө иштеп 80 миң сом алат. Биз Бишкекке барбайбыз деп жатышат. Айлыкты жакшы эле көтөрдүк», — деди ал.