Биздин бул жолку каарманыбыз балдарын жалгыз баккан 39 жаштагы ата. Нурсадык Ураимов мындан 2,5 жыл мурун ооруга кабылганын, мындан улам аны 3 баласы менен жубайы таштап кеткенин, ошол күндөн бери балдары үчүн эне да, ата да болуп жатканын айтат. “Жубайым кайтып келсе кечирүүгө даярмын” деген каарманыбыздын баяны видеодо. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0990 12 78 88.
«3 баланын атасымын. Келинчегиме 2013-жылы үйлөнгөм. Жакшынакай жашап жүргөнбүз. Ооруп калып, бейтапканага жатып калдым. Ал жакта оор жумушка жарабай турганымды айтышты. Келинчегим «иштей албайсың» деп таштап кетти. Балдарымды 2,5 жылдан бери өзүм багып келе жатам», — деди ал.