«Аялын зордукташат деп коркутушкан». Жалал-Абадда кылмышты моюнга алдыруу үчүн ырчы сабалганы айтылды

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Жалал-Абад шаарынын тургуну болгон ырчынын иши боюнча Кыргызстанда кыйноо фактысын айтып, өз чечимин чыгарды. Бул тууралуу «Адилет» укук коргоо уюмунан билдиришти.

Кыйноого кабылгандардын кызыкчылыгын улуттук жана эл аралык деңгээлдеги уюмдун жактоочусу Уткир Жаббаров коргогон. «Эл аралык орган 2023-жылдын 11-апрелинде чыгарган корутундусунда Курманбековдун укуктары, анын ичинде эркиндик жана жеке кол тийбестик укугу, натыйжалуу тергөө укугу, кыйноолорго дуушар болбоого укугу бузулган», — деп айтылат маалыматта. 

20 жаштагы жигит 2012-жылдын 21-июлунда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жана Аксы РИИБнин 15 кызматкери тарабынан Жалал-Абад шаарындагы өз үйүнөн кармалган. Кармоо учурунда ал катуу сабалып, эс-учун жоготкон. Күбөлөрдүн айтымында, окуяга кийлигишүүгө аракет кылган анын жакындары да сабалган. Аялын «чачыңды кырып салабыз, түрмөгө камап, ал жерде зордукташат» деп коркутушкан. Укук коргоочулардын айтымында, кармалгандын эртеси Курманбеков Аксы РИИБге жеткирилип, ага жергиликтүү тургунду өлтүргөн деген айып тагылган. 

«Сурак учурунда Курманбеков күнөөсүн мойнуна алуу үчүн катуу сабалган. Курсагына жана башына сокку жеп, башына баштык кийгизилген. Прокуратура да, бардык инстанциядагы соттор да кыйноого кабылганы тууралуу чечим чыгарып беришкен эмес. Курманбековго карата кыйноо фактысын тааныган укук коргоочулар БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылууга аргасыз болушкан», — дешти. 

Курманбеков 13 жылга кесилип, анын 6 жылын өтөп, мунапыс менен бошотулган. Юрист Уткир Жаббаровдун айтымында, эми БУУнун комитетинин чечимин ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлөт – өкүмдү жокко чыгаруу, кыйноо фактыларын иликтөө жана компенсация төлөп берүү.

Комитеттин кыйноолордун курмандыктары боюнча ой-пикири өкүмдү жокко чыгаруу зарыл болгон учурларда өзгөчө мааниге ээ. Мындай жагдайларда кыйноолордун курмандыктарына коюлган айыптарды кайра карап чыгуу жана актоо мүмкүнчүлүгү берилет.