«Аза кайгысын тең бөлүшөм». Садыр Жапаров Эмомали Рахмонго көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго жаратылыш кырсыгынын кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«2023-жылдын 15-февралында Тажикстан Республикасынын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда кар көчкүнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жараткандан жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин тилейм», — деп айтылат жолдонгон көңүл айтууда.