Азамат Кожомкулов «Түндүк электрдин» башкы директору болуп дайындалды

Азамат Кожомкулов “Түндүк электр” ААКтын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка карганда, дайындоо боюнча чечимди компаниянын директорлор кеңеши кабыл алган.

Буга чейин Улан Астаркулов “Түндүк электр” ишканасын жетектеп келген. Ал 18-августта кызматынан кеткен.