«Кыргыз темир жолу» ишканасына жаңы директор дайындалды. Ал 32 жашта

Азамат Сакиев «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 25-июнда кол койгон.

Сакиев Азамат Абдукаримович 1989-жылы 20-февралда туулган. Үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы. Билими жогорку. Адистиги менеджмент, Малайзиядагы Ноттингем университетинин филиалында эл аралык бизнес боюнча билим алган. Эмгек жолун 2019-жылы «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасында баштаган, кызматка дайындалганга чейин аталган ишкананын Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн материалдык-техникалык камсыздоо филиалынын башчысы кызматын ээлеген.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын буга чейинки башкы директору Василий Дашков УКМК тарабынан кармалып, кийин эки айга камакка алынган.