“Азаттык” кеңсесинин алдындагы митинг боюнча милицияга арыз менен кайрылат

“Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин директору Айзада Касмалиева кеңсенин жанында митинг өткөрүү фактысы боюнча милицияга арыз жазганы жатканын билдирди.

Анын айтымында, азыр адвокаттар арыз даярдап жатышат, ага митингге байланыштуу сүрөттөр жана видеолор тиркелет. Ошондой эле, укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Бишкектин райондук сотторунун чечимдери менен тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынганын эске салды.