«Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси милицияга кайрадан сурак берди

«Азаттык Медиа» мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева бүгүн, 7-июлда да Бишкектин Ленин райондук милициясында күбө макамында суракта болду. Ал Кыргызстандын тышкы карызы тууралуу жарыяланган макала-маалыматтар боюнча суроолорго жооп берген.

«Сурак жүргүзгөн укук коргоо органдары аталган маалыматтарды жарыялоонун максатына кызыгышты. Жыйынтыгында суракка байланыштуу маалыматтарды жарыялабоо боюнча тил катка кол коюп берүү талабы коюлду, бирок “Азаттык Медиа” андан баш тартты. Суракка чогуу катышкан “Медиа полиси» институтунун юристи Акмат Алагушев “Жазык-процессуалдык кодексинин” 167-беренеси боюнча тергөөнүн маалыматын ачыкка чыгарууга жол берилбестик тууралуу тил катка кол коюу талабы мыйзамсыз экенин айтты»,- деп айтылат маалыматта.

“Азаттык Медиа” мекемесинин жетекчиси Ленин райондук ички иштер башкармалыгында 5-июлда да суракта болгон.