“Азаттык Медиа” мекемесинин жетекчиси милицияга сурак берип чыкты

Кечээ, 5-июлда “Азаттык Медиа” мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева Бишкектин Ленин райондук милициясына күбө макамында сурак берип чыккан. Бул тууралуу аталган редакция жазып чыкты.

Маалыматка караганда, жетекчи экс-депутат Равшан Жээнбековдун иши боюнча күбө катары сурак берген. Жээнбеков соцтармактарга мамлекеттин тышкы карызы тууралуу жазган билдирүүсүндө бир нече медиа каражаттарынын, анын ичинде “Азаттык Медиа” мекемесинин маалыматтарын булак катары көрсөткөн.

Ленин райондук милициясынын улук тергөөчүсү Тилек Мамытов суракта azattyk.org сайтына жарыяланган бир нече жаңылыкка байланыштуу суроо берип, андагы маалыматтын булактарына кызыккан. Мындан тышкары «Азаттыктын» сайтына чыккан бир нече макаладагы маалымат боюнча түшүндүрмө сураган расмий өтүнүч берилген. «Ошол эле учурда тергөөчү сурак кайсы бир иштин алкагында эмес, маалымат алуу максатында гана уюштурулганын билдирди. Эки жарым саатка созулган бул жараянга “Медиа полиси” институтунун юристи, адвокат Акмат Алагушев да катышты», — деп айтылат маалыматта.