«Азаттык» президенттин инаугурациясын түз эфирде чагылдыруу учурунда кеткен мүчүлүштүк үчүн кечирим сурады

«Азаттык» радиосу президенттин инаугурациясын түз эфирде чагылдыруу маалында кеткен техникалык мүчүлүштүк үчүн кечирим сурады.

Алардын айтымында, мындай мүчүлүштүккө эфирди компьютер аркылуу социалдык платформаларга чыгарган техникалык кызматкердин катачылыгы, тактап айтканда берүү кетип жатканда кызматкердин башка интернет-баракчаларын байкабастан ачып жибергени себеп болгон.

Бул катачылык үчүн эки кызматкерге сөгүш берилген.

Бүгүн “Азаттык” Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземин түз эфирде чагылдырып жаткан учурда, президенттин айтылып жаткан сөзүн шылдыңдоо иретинде күлүп жаткандай үндөр чыккан. Бул интернет айдыңында кызуу талкуу жаратып жатат.