«Азаттыктын» банктагы эсеби бөгөттөлдү

«Азаттык Медиа» мекемесинин «Демирбанктагы» эсебине бөгөт коюлганын 31-октябрда банктан билдиришти. Банктын өкүлдөрү бул тууралуу телефон аркылуу оозеки ырастап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышты. Бул тууралуу аталган редакция жазды.

Маалыматка караганда, аталган банктан «Азаттык Медиага» расмий билдирме бере элек. Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы «Азаттыктын» эсебине байланыштуу маалыматты тактоо керек экенин айтып, расмий кат жиберүүнү суранган.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган.