Азербайжан Кыргызстанга 40 миң доза «AstraZeneca» вакцинасын бериши мүмкүн

Азербайжан Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасын бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жардам Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Азербайжанга болгон иш сапарында жетишилген келишимдердин алкагында бөлүнөт. «Учурда тараптар вакцинаны ташуунун бардык шарттарын жана талаптарын камсыз кылуу менен логистикалык маселелердин үстүнөн иштеп жатышат»,- деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей,бул вакциналар 20 миң кыргызстандыктын өмүрүн жана коопсуздугун коргоого жетет.