Азербайжанда Кыргызстандын соода үйү ачылды

Баку шаарындагы «Бабек Плаза» бизнес-борборунда Кыргызстандын Азербайжандагы Соода үйүнүн кеңсесинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Бизнес-борборунда кыргыз боз үйүнүн формасындагы шоу-рум азербайжандык ишкерлердин жана жарандардын назарына тартууланып, анын ичинде Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар: тамак-аш, тиричилик буюмдары, сувенирлер, ошондой эле биздин өлкөнүн инвестициялык жана туристтик потенциалы тууралуу брошюралар жана буклеттер коюлган.

Элчи Кайрат Осмоналиев бул аянтча эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы экономикалык алакаларды өнүктүрүүгө көпүрө экендигин белгилеп, ишкерлерди кызматташууга чакырды.