Азербайжандык «кыргыз» аталган ырчы Аслан Гусейнов автокырсыктан каза болду

53 жаштагы азербайжандык ырчы Аслан Гусейнов автокырсыктан улам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Белгилүү болгондой, кырсык бүгүн эртең менен Баку шаарында болгон. Анда унаа башкарып бара жаткан ырчы рулду башкара албай калып, КамАЗ унаасы менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында ырчы жана анын жанында бара жаткан дагы бир адам каза болгон.

Мындан бир апта мурун ырчынын апасы каза болгон. Аслан Гусейновдун артында окуучу уулу менен кызы калды.

Айта кетсек, Аслан Гусейнов 25 жашынан тартып, он жыл Кыргызстанда жашап, иштеген. Кыргыз өлкөсүндө түрдүү шоу программаларды, концерттерди уюштурчу. Кайсы бир басылмага берген маегинде, «Мени жакындарым азербайжандык кыргыз деп коюшат» деп айтканы бар.