Азербайжандын биринчи айымы Кыргызстандын ханайымы менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялады

Азербайжандын биринчи айымы Мехрибан Алиева Кыргызстандын ханайымы Айгүл Жапарова менен түшкөн сүрөттөрүн, ошондой эле Кыргызстан жана Азербайжандын президенттери жубайлары менен чогуу тамактанган учурдан тартылган кадрды соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Кечээ, 19-апрелде президент Садыр Жапаров Азербайжанга жубайы менен кошо учуп кеткен.