Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди.
Азербайжандын президентин “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Белгилей кетсек, Ильхам Алиев Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги саммитине катышуу үчүн келди.