Азимбек Бекназаров Башкы прокуратурада сурак берүүдө

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров Башкы прокуратурада сурак берүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, ал  2010-жылдын июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө берип жатат.

Белгилей кетсек, Азимбек Бекназаров 2010-жылы убактылуу өкмөттүн мүчөсү болчу. Аны менен катар Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Дамира Ниязалиева жана башка жалпысынан 14 адам убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон.