Азиз Мурадиллаевге жакын туугандарынын бири донор болору маалымдалды

Азиз Мурадиллаевге жакын туугандарынын бири донор болот. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова жазды.

«2 күндүн ичинде 10 миңден ашык адам донор болуп берерин айтып, кат жазышты. Бирок Азизге операция жасалганы жаткан Түркиянын мыйзамдары боюнча ага жакын тууганы гана өз органын бере алат экен. Учурда анын 4 жакыны анализдерди тапшырууда», — деди ал.