Азиз Мурадиллаевдин абалы өтө оор. Ага донор изделип жатат

Азиз Мурадиллаевдин абалы өтө оор, ал реанимацияда. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында белгилүү болду.

«Мен Садыр Жапаровго кайрылам. Бизге санавиация керек. Болбосо, биз таланттуу адамдан айрылып калабыз. Аны Орусиянын же Түркиянын ооруканасына алып барышыбыз керек. Азыр дагы бир көйгөйлүү болгон донор маселеси бар. Бизге донор керек. Апасы донор болууга макул болгон, бирок дарыгерлер жашын эске алуу менен каршы болушту. Орусиядан 26 жаштагы кыргыз кыз чалып, донор болууга макул экенин билдирди, бирок кандын тобу экөөнүкү эки бөлөк болуп чыкты», — деди Ассоль Молдокматова.