Азык-түлүккө болгон баа канча пайызга жогорулады?

2020-жылдын январына салыштырмалуу 2021-жылдын январь айында жалпы республика боюнча азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 18,5% жогорулады. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статистика комитети билдирди.

Баасы эң көп жогорулаган азык-түлүктөр: өсүмдүк майы — 54,6%, картошка — 46,3%, жумуртка — 35,4%, кумшекер — 33,1%, эт — 27,5%, ун – 16,5%, жаңы жер-жемиштер – 15,1%, макарон — 16,6%, алкоголсуз суусундуктар — 6,9%, пастерленген сүт — 2,5-3,2%, май — 5,5%, нан — 5,2%, балык – 3,3%.

Ошол эле учурда улпак (5,4%), тооктун буттары (1,9%) жана бисквит торттору (0,1%) арзандаган.