«Азыр турмушка чыгам деген оюм жок» дейт Москвадагы саунада иштеген кыргыз кызы

Асема 23 жашта. Ал мектепти бүтүп, апасына жардам берейин деп Москвага келген. Каарманыбыз 3 жылдан бери Орусиядагы сауналардын биринде денесин сатып иштеп, үйдөгүлөрүнө акча салат. «Күнүнө 20 кардар кабыл алам, ден соолугуң кетет экен» деген Асеманын тагдыр баянын видеодон көрүңүз.

«Азыр турмушка чыгам деген оюм жок. Анткени азыр үй-бүлөлөр эки башка жолго түшүп жатат. Ортодо байкуш бала калат. Бактылуу үй-бүлөлөр аз. Башка кыздар мен көргөн жашоону көрбөсө дейм. Ата-энеңерди уккула. Көп баспагыла», — деди ал.