Бүгүн Бишкекте 6 митинг болуп өттү

Бүгүн, 2-ноябрда Бишкекте күн да жылуу болду, митингдер да көп болду. Өкмөт үйү, Ак Үй жана УКМКнын жанында баш-аягы 6 митинг болуп өттү.

Эң оболу “Түндүк электр” ишканасынын кызматкерлери нааразычылыгын билдирип чыгышты. Алар 2 топко бөлүнүп, бири буга чейинки башкы директор Доскул Бекмурзаев мыйзамсыз иштен алынды десе, экинчиси азыркы жаңы жетекчи Улан Астаркуловдун кызматта калуусун талап кылууда. Үчүнчү митингдин ээлери – бул “Дордой” базарынын соодагерлери. Алар Кытайдан товар алып келүү маселесин чечип бергиле дешип, атүгүл Өкмөт үйүнө милиция кызматкерлерин жөөлөп кирүүгө аракет жасашты. Төртүнчү митингдин өзгөчөлүгү – бул анын катышуучулары ачкачылык жарыялашты. “Айымдар кыймылынын” мүчөлөрү парламенттик шайлоонун жылып кетишине, Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилишине каршы. Бешинчи митингде кредиттик амнистия жүргүзүү талап кылынды. Алтынчы митингге келсек, анда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун тарапташтары чогулушту. Алар Асановду бошотууну талап кылып жатышат.