Бүрсүгүнү өлкөнүн түндүк аймагында -19 градус суук болушу күтүлөт

Бүрсүгүнү өлкөнүн түндүк аймагында -19 градус суук болушу күтүлөт. Бул тууралуу шашылыш билдирүүнү бүгүн, 25-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты.

Маалыматка ылайык, 28-ноябрда жана 29-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү жаралышы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-17°, күндүз -4…-9°, Таласта түнкүсүн -14…-19°, күндүз -4…-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3…+2°, Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-13° суук, күндүз 0…-5°, Нарында түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.