Раззаков-Бишкек-Раззаков багыты боюнча 22 миллион 500 миң сомдон ашык суммадагы унаа токтотуучу жайдын жер тилкеси ыктырдуу түрдө мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК 2011-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен, Раззаков-Бишкек-Раззаков багыты боюнча автотоктотмолор үчүн пайдаланылган жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди. Тиешелүү иштердин жыйынтыгы боюнча аянты 0,15 га, базар баасы 22 миллион 500 миң сом болгон жер тилкеси ыктыярдуу түрдө Раззаков шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берилди.