Баатыр энелер үчүн социалдык төлөмдүн өлчөмүн жогорулатуу сунушталды

Депутаттар Камила Талиева жана Марлен Маматалиев Баатыр энелер үчүн социалдык төлөмдүн өлчөмүн жогорулатууну сунушташты.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасында баатыр энелер үчүн ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган депутат Марлен Маматалиев токтом долбоору Конституциянын 19-беренесине ылайык баатыр энелердин жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыкканын айтты. Тагыраагы, баатыр энелер үчүн ар айлык социалдык жөлөк пулдун өлчөмү жашоо минимумунун суммасынын үчтөн экисинен кем эмес көбөйтүү сунушталууда.