Баатыр энелер буга чейин 1 миң сомдон кошумча акы алышса, эми ал сумма 5 миң сомго жогорулады. Буга байланыштуу токтом долбоору бүгүн, 7-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кабыл алынды.
Талкуу учурунда депутат Мирлан Самыйкожо 7 балалуу Баатыр энелерге пенсия курагына чейин кандай социалдык төлөмдөр берилерин жана аларга каралган жеңилдиктер тууралуу тактады.