Бабырбек Жээнбековдун атындагы сөз эркиндигин колдоо фондунун премиясы тапшырылды

Бүгүн, 3-сентябрда журналист Бабырбек Жээнбековду эскерүү иш-чарасы өттү. Иш-чарада камакта жаткан жарандык активисттер Ырыс Жекшеналиев, Адилет Балтабай, Тилекмат Күрөнов жана Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев, журналист Болот Темировго Бабырбек Жээнбековдун атындагы сөз эркиндигин колдоо фондунун премиясы тапшырылды. Абакта болгондорго сыйлыктар жакындарына экс-депутат Равшан Жээнбеков тарабынан тапшырылды.

Бабырбек Жээнбековдун атындагы сөз эркиндигин колдоо фондунун премиясы биринчи жолу ыйгарылып, сыйлык тапшыруу аземине бир катар саясатчылар да катышты.

Равшан Жээнбековдун айтымында, аталган сыйлык эркиндик үчүн, адам укугу, сөз эркиндиги үчүн күрөшкөн бардык жарандарга берилет. «Эркиндикке салым кошкон журналист болобу, жарандык активист болобу, саясатчы болобу жылына бир жолу ушул сыйлык берилет», — деди ал.