ТИМдин кызматкери Бахтияр Шакиров анафилактикалык шоктон каза болгон эмеспи?

Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакиров курч жүрөк-кан тамыр жетишсиздигинен каза болгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Мындай чечим соттук-медициналык экспертизанын негизинде, лаборатордук изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын эске алып жана кылмыш иштин материалдары иликтенгенден кийин кабыл алынды.

Алгачкы соттук-медициналык экспертиза «Цефтриоксон» жана «Физраствор» сыяктуу дарылар жүрөктүн токтошуна алып келиши мүмкүнбү?» жана «Каза болгонго чейин алган дарылар менен жүрөктүн токтошунун ортосунда байланыш барбы, эгерде бар болсо, кандай?» деген суроолорго жооп бере албайт.

Ошондуктан саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлеринин катышуусунда комплекстик соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакиров анафилактикалык шоктон улам каза болгонун билдирген.

«Биз тергесек, аны жаш балдардын жанына жаткырып, антибиотик куюп жаткан жеринен анафилактикалык шоктон каза болуптур. Муну соттук-медициналык экспертиза дагы тастыктады. Ошол үчүн ал жердин башкы дарыгерин, лор бөлүмүнүн башчысын жана медайымды тергөө аяктаганча жумуштан бошоттум. Себеби мындай кырсык болбош керек. Биринчиден, кичинекей балдар жаткан жерге чоң кишини жаткырып, асма уколду сайган туура эмес. Экинчиден, антибиотик куйганда дайыма сынап көрүш керек (проба). Сыноо жүргүзүлбөгөндүктөн 39 жаштагы адам каза болуп калды», — деген министр.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров 1-апрелге караган түнү каза болгон.

Милициянын маалыматына караганда, маркум өзүнүн дарылары менен ооруканага барып, укол жана асма укол алгандан кийин көз жумган эле.