«Байке «попал» болуптур». Бишкекте көпүрөнүн астына трал унаалар менен тыгылып калган видео тарады

Унааларды ташыган трал көпүрөнүн алдына тыгылып калган видео тарады.

Маалыматтарга караганда, окуя Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Видеого караганда, унаалардын айрымдары жабыркаган. Видеодогу жарандын «Байке «попал» болуптур» деп жатканын угууга болот.