«Байланышка чыкпай калган». Чет өлкөлүк жаран «Семенов» чокусунан изделип жатат

ӨКМдин куткаруучулары «Семенов Тянь-Шаньский» чокусунан 32 жаштагы чет өлкөлүк жаранды издеп жатышат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Алдын ала маалымат боюнча, 14-июлда 32 жаштагы чет өлкөлүк жаран Ала-Арча капчыгайындагы «Семенов Тянь-Шаньский» чокусуна чыгып, байланыш жок болуп жаткандыгын туугандары билдиришкен.

Кечээ издөө иштерине «Эделвейс» тоодо куткаруу кошуунунан 6 куткаруучу жөнөтүлгөн. Алар кечки саат 21:20да Ала-Арча капчыгайындагы «Хижина Рацека» альплагерине жетишип, түнөккө калышкан»,- деди ал.