«Байланышта болгон 36 адам аныкталды». Кадамжайда 3 киши күйдүргүгө шектелип жатат

Кадамжай районундагы Үч-Коргон аймагында 3 киши күйдүргүгө шектелип жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар боюнча директору Сталбек Бердиев билдирди.

«Учурда байланышта болгон 36 адам аныкталды. Бул Балакыш жана Алыш айылдарында болуп жатат. 1-бейтап кайрылганда эле штаб түзүлгөн. Учурда 3 адам күйдүргүгө шектелип жатат. Алардын бирөөсү малды сойгон касапчы. Экинчиси малдын ээсинин аялы. Үчүнчүсү бутун тырмаган жаранды алып келгенбиз. Биринчисиники такталды, экөө шектүү. Азыр эми ошол штаб иштеп, айылдагы байланышта болгондорду аныктап жатат. Малдын ээси ооруп жаткан малын союп бер деп, касапка берген экен», — деди ал.