Байсалов: «Кыргызстан азыр эл аралык эмгек мигранттары үчүн жагымдуу өлкөгө айланып баратат»

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Эл аралык эмгек конференциясынын 112-сессиясынын алкагында Швейцариянын Женева шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында эл аралык эмгек уюмунун башкы директору Жильбер Унгбо менен жолугушту.

Байсалов ЭЭУнун жетекчилигине Кыргызстанда COVID-19дан кийинки мезгилде жетишилген олуттуу социалдык-экономикалык прогресс жөнүндө маалымат берип, өзгөчө экономиканын өсүү темпи жогорулаганын, жумушчу күчкө болгон суроо-талаптын жана эмгек акынын жогорулашын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстан тышкы эмгек мигранттарынын санын дээрлик 300 миң адамга кыскарта алды. Өлкө ичинде алар үчүн жумуш орундарын түзүп гана тим болбостон, Кыргызстан азыр эл аралык эмгек мигранттары үчүн жагымдуу өлкөгө айланып баратат», — дейт Эдил Байсалов.

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети иммигранттардын укуктарын коргоого жана эмгектин тийиштүү шарттарын камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруп жатканын, айрыкча өлкө Түштүк Азиядан эмгек миграциясынын барган сайын популярдуу жерине айланып баратканын белгиледи.