Бажы кызматы: «Бажы төлөмдөрүнүн быйылкы түшүүсүнүн көлөмү тарыхта биринчи жолу байкалууда»

Бүгүн, 31-декабрда Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 31 жылдыгына карата салтанаттуу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты.

Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков жемиштүү кызматташуусу жана бажы кызматынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга көмөктөшкөндүгү үчүн конокторго ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, бажы кызматынын талыкпаган жана ыкчам иш-аракетинин натыйжасы бажы төлөмдөрүн жыйноо боюнча пландын 104,1 пайызга аткарылышы болуп саналат. 2022-жылдын январь-декабрына карата бажы кызматы тарабынан 74 миллиард сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү алдын ала камсыз кылынып, белгиленген пландан 332,5 миң сомго көп түшкөн. 2021-жылдын ушул мезгилине карата бул сумма 46,9 миллиард сомду түзгөн. Башкача айтканда, быйыл 12 айда 27,1 миллиард сомго көбүрөөк чогулган, ал эми өсүү темпи 157,8% пайызды түздү.

Мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүү көрсөткүчтөрүн 2017-жылдын ушул мезгили менен салыштыра турган болсок, анда бажы кызматы тарабынан 39,7 миллиард сомго көп берилген. 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,2 миллиард сомго көп. Ошондой эле, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,7 миллиард сомго көп.

Бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн мындай көрсөткүчү Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын тарыхында биринчи жолу байкалууда жана бүтүндөй бажы кызматынын ишинин сапатынын олуттуу жакшырганынан кабар берет.